КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-апреля № 181-б
Талас облусунун аймагындагы өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу үчүн кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Талас облусунун Бакай-Ата районундагы авариялык - калыбына келтирүү иштерин каржылоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен 3050000 (үч миллион элүү миң) сом бөлсүн:
- 1000000 (бир миллион) сом - Өзгөрүш айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы Чодо каналын тазалоо үчүн;
- 2050000 (эки миллион элүү миң) сом - Боо-Терек айыл аймагынын Боо-Терек айылындагы Кара-Суу каналын тазалоо үчүн;
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын жана ушул буйруктун 1-пунктуна ылайык аталган объекттерде авариялык-калыбына келтирүү иштерин аткарууну камсыз кылсын.
Премьер-министр |
|