Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 2-майы 192-б
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн аскердик техникага болгон керектөөсүн камсыздоо максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 178 жана 179-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Россия Федерациясынын Коргоо министрлиги тарабынан Кыргыз" Республикасынын Коргоо министрлигине акысыз берилген 10 БТР-70М бронетранспортерлорду бажылык төлөмдөн бошотуу менен бажылык тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бронетранспортерлорду белгиленген тартипте мамлекеттин менчигине алсын.
3. Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бронетранспортерлорду баланска алсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бронетранспортерлордун наркын Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы менен биргеликте бааласын.
4. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бронетранспортерлорду Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн кошуундарынын жана бөлүктөрүнүн ортосунда бөлүп берүүнү уюштурсун.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|