Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 12-июну № 258-б
"Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борбору" муниципалдык мекемесине орнотуу үчүн "RID GmbH" германиялык компаниясынан келип түшкөн гуманитардык жүктү (күн панелдери түрүндөгү жабдуу) өз убагында алууну камсыз кылуу максатында:
1. "RID GmbH" германиялык компаниясы тарабынан берилген гуманитардык жүк (күн панелдери түрүндөгү жабдуу) Бишкек шаары, Балтагул көчөсү, 1 үй дареги боюнча жайгашкан "Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борбору" муниципалдык мекемеси (мындан ары - Борбор) үчүн гуманитардык жардам катары алып келинген болуп аныкталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы гуманитардык жүктү (күн панелдери түрүндөгү жабдуу) бажылык тариздөөнү камсыз кылсын жана гуманитардык жардам катары алынган гуманитардык жүктү тариздөөдө бажы төлөмдөрүн төлөөдөн Борборду бошотсун.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги гуманитардык жүктү (күн панелдери түрүндөгү жабдуу) гуманитардык жардам катары тариздөөнү камсыз кылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|