Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 12-июну № 257-б
Кыргыз Республикасынын транспорттук көз каранды эместигин камсыздоо максатында, ошондой эле Түндүк-Туштүк альтернативдүу жолун куруу долбоорунун Кыргыз Республикасы үчүн стратегиялык жана социалдык маанисин эске алуу менен:
1. Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Борбордук Азиядагы региондук экономикалык кызматташтыктын (ЦАРЭС) 1 жана 3-коридорлорун байланыштыруучу жолдун долбоорун иштеп чыгуу учүн долбоордук-сметалык документтерди даярдоого аванс берүү жөнүндө гранттык макулдашуунун расмий тилде (расмий эмес котормо) тиркелген долбоору жактырылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине аталган Гранттык макулдашууга принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр |
|