Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
БУЙРУК
2015-жылдын 12-майы № 200-б
Майлуу-Суу шаарындагы № 1, 13, 23-калдык сактагыч жайлардагы тосуучу курулмаларды калыбына келтирүү жана Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын жанындагы Айлампа-Сай сел өтүүчү сайында жээкти бекемдѳѳ жумуштарын жүргүзүү γчүн, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарынын Айлампа-Сай сел ѳтүүчү сайындагы №1, 13, 23-калдык сактоочу жайларда тосуучу курулмаларды кайра калыбына келтирүү жана жээкти бекемдөө боюнча иштерди жүргүзүү үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен 9643000 (тогуз миллион алты жүз кырк үч миң) сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгѳчө кырдаалдар министрлиги бөлүнгөн каражатты максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар белүмүнѳ жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |