Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
БУЙРУК
2015-жылдын 21-майы № 217-б
Автотранспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы ЮНИСЕФтин жыйналышынын 2015-жылдын 21-январындагы № 1/15 протоколунун негизинде эки автотранспорт каражатын: "Тойота Ленд Крузер" маркасындагы, 2006-жылы чыгарылган кыймылдаткычынын № INF0512341, кузовунун № JТЕСВ01J001026828, ак түстөгү автомашинаны жана "Тойота Ленд Крузер" маркасындагы, 2006-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № INF0512642, кузовунун № JТЕСВ01J801026866, ак түстөгү автомашинаны мамлекеттин пайдасына баш тартуу бажы режиминде тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасына жана Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасына ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.
3. Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасы жана Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасы ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган мүлктүн наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |