Сравнение редакций…
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 162 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-беренесине ылайык Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды (мындан ары - сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар) белгилөөнүн жана төлөөнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.
2. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар Кыргыз Республикасынын аймагында туруктуу жашаган жана мамлекеттик, коомдук жана чарбалык иштерде, илим, техника, маданият, билим берүү, саламаттык сактоо жана спорт, Ата-Мекенди коргоо жаатында сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн ардак наамдар жана мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылган Кыргыз Республикасынын жарандарына гана белгиленет.
3. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жалпы негиздерде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө боюнча комиссиянын (мындан ары - комиссия) чечими боюнча Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдары тарабынын кошумча төлөөлөр менен пенсиянын өлчөмүнө пайыздарды белгилөө аркылуу эсептелет ("Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинде жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17 жана 26-беренелеринде белгиленген пенсияларга кошумча төлөөлөрдү эске албастан):
а) 100 пайыз:
- "Кыргыз Республикасынын Баатыры" жогорку даражадагы артыкчылыкка татыктуу болгон адамдарга;
- Советтер Союзунун Баатырларына;
- үч даражадагы "Слава" ордендери менен сыйланган адамдарга;
- үч даражадагы "Манас" ордендери менен сыйланган адамдарга;
б) 70 пайыз:
- Социалисттик Эмгектин Баатырларына;
- I даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган адамдарга;
в) 65 пайыз:
- бардык үч даражадагы "Трудовой Славы" ордендери менен сыйланган адамдарга;
- II даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган адамдарга;
г) 50 пайыз:
- Ленин ордени менен сыйланган адамдарга;
- III даражадагы "Манас" ордени менен сыйланган адамдарга;
- "эмгек сиңирген" ардак наамы бар жана андан сырткары төмөнкүлөр менен сыйланган адамдарга:
СССРдин жана Кыргыз Республикасынын ордендери (бир орден) менен;
же Кыргыз Республикасынын медалдары жана СССРдин төмөнкү медалдары: "За трудовую доблесть", "За трудовое отличие", "За отвагу", "За боевые заслуги", ошондой эле 1960-жылга чейин берилген "За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг." (бир медаль);
же СССРдин жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак Грамотасы жана Грамотасы менен (бир Ардак Грамота же эки Грамота);
же Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы жана Грамотасы менен (бир Ардак Грамота же эки Грамота);
же СССРдин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттары болгондорго;
- СССРдин жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаттарына жана андан сырткары төмөнкүлөр менен сыйлангандарга:
СССРдин жана Кыргыз Республикасынын ордендери (бир орден) менен;
же Кыргыз Республикасынын медалдары жана СССРдин төмөнкү медалдары: "За трудовую доблесть", "За трудовое отличие", "За отвагу", "За боевые заслуги", ошондой эле 1960-жылга чейин берилген "За доблестный труд в Великой Отечественной войне 1941-1945 гг." (бир медаль);
же СССРдин жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Президиумунун Ардак Грамотасы жана Грамотасы менен (бир Ардак Грамота же эки Грамота);
же Кыргыз Республикасынын Ардак Грамотасы жана Грамотасы менен (бир Ардак Грамота же эки Грамота);
- же "эмгек сиңирген" ардак наамы барларга;
- СССРдин жана Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин депутаттарына (эки толук чакырылышынан кем эмес шайлангандарга);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарына (эки толук чакырылышынан кем эмес шайлангандарга);
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри саясий мамлекеттик кызматтарды беш жылдан кем эмес ээлеп келген жана ээлеп турган адамдарга.
4. "Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу", "Кыргыз Республикасынын эл акыны", "Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү", "Кыргыз Республикасынын эл артисти" жана "Кыргыз Республикасынын эл мугалими" ардак наамы бар иштебеген пенсионерлерге пенсиянын өлчөмү 100 пайызга жогорулатылат.
5. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларга кошумча төлөөлөргө бир нече негиздер боюнча укуктуу адамдарга бир гана эң жогорку кошумча төлөөлөр чектелет.
6. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар Комиссия тарабынан чечим кабыл алынган күндөн тартып чектелет.
Комиссиянын жекече курамы мамлекеттик органдардын, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлөт жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилет.
7. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө жөнүндө Комиссияга сунуштарды Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси - Кыргыз Республикасынын министри, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, Кыргызстандын Профсоюздар федерациясынын төрагасы эркин формада берүүгө (мындан ары - сунуштаган уюм) укуктуу.
Материалдарды туура жана толук берүү үчүн жоопкерчиликти сунуштаган уюм тартат.
8. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө жөнүндө сунушка төмөнкү документтер тиркелиши керек:
а) адамдын сиңирген өзгөчө эмгегин ырастаган документтер: сыйлоо күбөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү, ардак наамдар ыйгарылгандыгы жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү жана башкалар;
б) кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча;
в) аталган адам алуучу же алууга мүмкүн болгон жалпы негизде белгиленген пенсиясынын өлчөмү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун органдарынан маалымкат;
г) эмгек китепчесинен көчүрмө жана нотариалдык конторада же архивдик мекемеде күбөлөндүрүлгөн иш стажы жөнүндө башка документтер;
д) 3x4 өлчөмүндө үч фото сүрөт;
е) соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ички иштер органдарынан маалымат.
9. Сунуштарды кароо боюнча Комиссиянын жыйыны кварталда бир жолу өткөрүлөт.
10. Комиссиянын сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды белгилөө же аны белгилөөдөн баш тартуу жөнүндө чечими сунуштаган уюмга чечим кабыл алынгандан 15 күндөн кечиктирилбестен билдирилет.
Комиссиянын чечими жөнүндө пенсионерге маалымдоо боюнча жоопкерчиликти сунуштаган уюм тартат.
11. Бир эле адамга сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды белгилөөгө берилген сунуш Комиссия тарабынан эки жолкудан ашык каралбайт.
12. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиядан пенсионер төмөнкү учурларда ажыратылат:
- соттун айыптоо өкүмү күчүнө киргенде;
- Кыргыз Республикасынын жарандыгы токтотулгандыгына же башка мамлекеттин жарандыгынын бар экендигине байланыштуу.
2. Пенсияларды төлөө тартиби
13. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар иштеп жаткан пенсионерлерге алып жаткан эмгек акысынан (кирешесинен) көз карандысыз толук өлчөмдө төлөнүп берилет.
14. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиянын пенсионер тарабынан өз убагында алынбаган суммалары үч жылдан ашык эмес мөөнөткө төлөнүп берилет, ал эми мамлекеттик социалдык камсыздандыруу органдарынын күнөөсү боюнча өз убагында алынбагандар өткөн мезгил үчүн мөөнөтү чектелбестен төлөнөт.
15. Жалпы пенсия "Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө" жана "Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган каражаттардын эсебинен, ал эми сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларга кошумча төлөөлөр, материалдык жардам жана бул категориядагы пенсионерлерге жеңилдиктерди берүү менен байланышкан башка чыгымдар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен төлөнүп берилет.
16. Республиканын чегинен сырткары жактарга туруктуу жашоого кеткен адамдарга сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар төлөнүп берилбейт.
17. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсияларды төлөөнүн башка маселелери, ошондой эле ушул Жободо көрсөтүлбөгөн аталган пенсиялардан кармап калуулар Кыргыз Республикасынын пенсиялык мыйзамдары менен жөнгө салынат.
3. Пенсионерлерге кепилдиктер
18. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучулар төмөнкүлөргө укуктуу:
- адистештирилген медициналык жардамга;
- социалдык муктаждыктарга бир айлык пенсиясынын өлчөмүндө жыл сайын берилүүчү акчалай жөлөкпулга.
19. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучу каза болгон учурда анын үй-бүлөсү пенсиянын базалык бөлүгүнүн он эселенген өлчөмүндө сөөк коюу жөлөкпулун кайрылгандан тартып эки жуманын ичинде алат. Бул жөлөкпулду төлөп берүүгө доонун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.
Пенсионердин каза болгондугуна байланыштуу алынбай калган пенсиясын бирдей үлүштөрдө анын ата-энеси, жубайы, балдары, алар жок болсо - мураска укуктуу болгон үй-бүлө мүчөлөрү алууга укуктуу.
Пенсионердин каза болгондугуна байланыштуу алынбай калган пенсиясын төлөп берүүгө доонун мөөнөтү Кыргыз Республикасынын жарандык мыйзамдарында каралган мөөнөттөргө ылайык белгиленет.
20. Сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучунун күбөлүгү ушул Жободо белгиленген кепилдиктерге укук берүүчү документ болуп эсептелет.
Тиркеме
|
| Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 26-мартындагы № 162 токтому менен бекитилген |
Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсиялар жөнүндө ЖОБО
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомдун редакциясына ылайык)
1. Жалпы жоболор
1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасына сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн пенсия алуучу пенсионерлерге пенсия төлөөнүн тартибин жана кепилдигин аныктайт.
(КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомдун редакциясына ылайык)
2. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
3. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
4. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
5. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
6. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
7. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
8. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
9. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
10. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)
11. (КР Ѳкмѳтγнγн 2015-жылдын 27-октябры № 741 токтомуна ылайык кγчγн жоготту)