Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-майы № 173
Аскердик кызматтын милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Чек арачылар күнүн майрамдоонун урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төмөнкү аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын:
Айжигитов Алмазбек Тургунбаевичке | - | 2023-аскер бөлүгүнүн кызматынын начальниги, майор; |
Сыдыков Өмүрбек Сыртбаевичке | - | 2028-аскер бөлүгүнүн "Кара-Сай" чек ара кызматынын бөлүмүнүн начальниги, капитан; |
Сакеев Алымбек Замирбековичке | - | 2051-аскер бөлүгүнүн тобунун командири, улук лейтенант. |
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төмөнкү аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйлансын:
Суходольских Павел Анатольевичке | - | Чек араны кайтаруу башкы башкармалыгынын бөлүмчөсүнүн начальниги, подполковник; |
Жоробаев Кылычбек Байботоевичке | - | 2022-аскер бөлүгүнүн "Зардалы" чек ара тозотунун начальниги, капитан; |
Рашидова Умидаход Абдимажитовнага | - | 2022-аскер бөлүгүнүн "Капчыгай" чек ара тозотунун фельдшери, прапорщик. |
Премьер-министр | Т.А. Сариев |