Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 15-июну № 265-б
Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду белгиленген тартипге:
- Казакстан Республикасынан гуманитардык жардам катары келүүчү товардык-материалдык баалуулуктарды, анын ичинде төмөнкүлөрдү кабыл алсын:
жогорку сорттогу буудай унун - 400 тонна; өсүмдүк майын - 84 000 литр;
дизель отунун - 5 000 тонна;
- "Газпром нефть Азия" жоопкерчилиги чектелген коому менен 5 000 тонна жалпы көлөмдөгү дизель отунун кабыл алуу жана сактоо жөнүнде келишим түзсүн;
- келип түшүүчү гуманитардык жардамды ташуу, которуу, сактоо, жүктөо, түшүрүу, сатуу боюнча кызмат керсөтүүлерге жана аны менен байланышкан башка чыгымдарга атайын каражаттардын эсебинен төлөсун.
2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргыз темир жолу" улуттук компаниясы" мамлекеттик ишжанасы гуманитардык жүк жүктөлгөн вагондорду түшүрүүгө тез берүүну камсыз кылсын, вагондор туруп калган учурда Кыргыз Республикасынын Өкмөтунө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондун айыптык санкциялардан бошотсун.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктолсүн.
Премьер-министр |
|