Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 12-июню № 259-б
Кыргыз Республикасынын транспорттук көз карандысыздыгын камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасы үчүн Түндүк-Түштүк альтернативалуу автожолун куруу долбоорунун стратегиялык жана социалдык маанисин көңүлгө алып, Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы жетишилген келишимдерге ылайык:
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын (расмий эмес котормо):
- Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы Кытайдын Кыргызстанга жеңилдетилген кредит берүү жөнүндөгү алкактык макулдашуунун долбоору (мындан ары -Алкактык макулдашуунун долбоору);
- Заёмщик катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кредитор катары чыгуучу Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу, Арал - Казарман участогу (195 - 291 км) долбоору боюнча карыз алуу жөнүндө өкмөттүк концессиялык макулдашуунун долбоору (мындан ары - Өкмөттүк концессиялык макулдашуунун долбоору);
- Заемщик катары Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги чыгуучу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кредитор катары чыгуучу Кытайдын Экспорттук-импорттук банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолу, Арал - Казарман участогу (195 - 291 км) долбоору боюнча жеңилдетилген кредиттик макулдашуунун долбоору (мындан ары - Жеңилдетилген кредиттик макулдашуунун долбоору).
2. Төмөнкүлөргө ыйгарым укук берилсин:
- Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри В.И.Дилге принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Алкактык макулдашуунун долбооруна кол коюуга;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары М.К.Байгончоковго принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Өкмөттүк концессиялык макулдашуунун жана Жеңилдетилген кредиттик макулдашуунун долбоорлоруна кол коюуга.
3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Түндүк-Түштүк альтернативалуу жолун куруу" долбоору боюнча грант-элементти эсептөөдө ушул долбоорго баардык тартылган инвестицияларды эске алсын.
Премьер-министр |
|