Редакцияот 02.06.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

БУЙРУК

2015-жылдын 2-июну № 233-б

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү үчүн зарыл болгон жабдууларды, товарларды, иштерди жана кызмат көрсөтүүлөрдү "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 21-беренесине ылайык сатып алуу үчүн уруксат берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын табыштамаларына ылайык республикалык бюджеттен кошумча каржылоону камсыздасын.

3. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына жүргүзүлгөн сатып алуулардын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине маалымат берүү сунушталсын.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнө, финансы жана кредиттик саясат бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев