Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
БУЙРУК
2015-жылдын 8-июну № 248-б
Нарын шаарын суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын:
- "Нарын шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашуунун долбоору (расмий эмес котормо);
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Швейцария Конфедерациясынын Өкмөтүнүн ортосундагы "Нарын шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоорун финансылык колдоо үчүн грант берүү жөнүндө макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |