Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 8-июну № 220
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын административдик ведомстволорунун жетекчилеринин ишин пландоо процессии системалаштыруу, макулдашууну камсыз кылуу жана сапаттуу мониторинг жүргүзүү максатында:
1. Министрликтердин жана административдик ведомстволордун биринчи жетекчилери:
- иштин жекече графигин ар жумалык негизде иштеп чыгышсын жана бекитишсин;
- келерки жумага бекитилген иштин жекече графигин "АПТА-GOV.KG" (электрондук дареги: ftp.apta.gov.kg) электрондук ресурсуна ар жума сайын (жума күнү, саат 16-00го чейин) жайгаштырышсын.
2. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын административдик ведомстволорунун жетекчилеринин "АПТА-GOV.KG" электрондук ресурсун колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу менен анын үзгүлтүксүз иштешин уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүнүштөрү ушул буйруктун 1-пунктунун аткарылышына туруктуу мониторинг жүргүзүшсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтγнγн Аппарат жетекчисинин орун басары Ж.А. Исакуловго жγктѳлсγн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |