Редакцияот 27.05.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY

БУЙРУК

2015-жылдын 27-майы № 231-б

Чүй, Нарын жана Ош облустарындагы өзгөчө кырдаалдардын (2010-жылдагы селдердин, 1992-2010-жж. жер титирөөлөрдүн) кесепеттерин жоюу жана суу ресурстарды үзгүлтүксүз метеорологиялык, гидрологиялык көзөмөлдеө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттикке гидротехникалык курулмаларды, гидрологиялык посттордун кызматтык жана турак жай имараттарын калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү үчүн 2015-жылдын республикалык бюджетинде каралган Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынын эсебинен 6 459 000 (алты миллион төрт жүз элүү тогуз миң) сом бөлүп берсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттик:

- Нарын облусунун Кочкор районунун Кочкор айылындагы Чу суусундагы; Чүй облусунун Чүй районунун Кегети суусундагы (Токой кордон); Чүй облусунун Жайыл районунун Сосновка айылындагы Кара-Балта суусундагы; Ош облусунун Ноокат районунун Каракол суусундагы (башатында) гидротехникалык курулмаларды, гидрологиялык посттордун гидрологиялык кызматтык жана турак жай имараттарын калыбына келтирсин;

- ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акча каражаттарын максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар белүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев