КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ѲКМѲТY
БУЙРУК
2015-жылдын 8-июну № 247-б
Баткен шаарын суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын өнүктүрүү жана өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Төмөнкү расмий тилде тиркелгендер жактырылсын (расмий эмес котормо):
- "Баткен шаарындагы суу менен камсыз кылуу жана каналдаштыруу тутумдарын реабилитациялоо" долбоору боюнча Кыргыз Республикасы менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Насыялык макулдашуунун долбоору;
- ЕРӨБдүн уюштуруучуларынын Атайын фонду тарабынан берилүүчү инвестициялык грантка карата Кыргыз Республикасы, Баткен шаарынын мэриясы, "Таза-Суу" муниципалдык ишканасы жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосундагы Грант жөнүндө макулдашуунун долбоору.
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрине ушул буйруктун 1-пунктунда аталган макулдашууларга принциптүү эмес мүнөздөгү оңдоолорду киргизүү укугу менен кол коюуга ыйгарым укук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |