Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 19-июну № 273-б
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын алкагында 2015-жылдын 24-майында Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Кыр-Жол айылынын аймагында болгон жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу жана жапа чеккен калкка жардам көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Ырыс айыл аймагынын Кыр-Жол айылынын жапа чеккен калкы үчүн 8 турак үй курсун;
- ушул буйруктан келип чыгуучу уюштуруучулук жана башка чараларды көрсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги:
- белгиленген тартипте жашоочу жайлардын жалпы аянты 69-71 м2 болгон 3 белмөлүү турак үй курууга типтүү долбоордун долбоордук документтерин иштеп чыксын;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык архитектуралык пландоо шарттарын (АПШ) жана инженердик-техникалык шарттарды (ИТШ) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берсин.
3. Жалал-Абад областынын Сузак райондук мамлекеттик администрациясы:
- турак үйлөрдү курууга жер бөлүп берүүнү камсыз кылсын;
- турак жай менен камсыз кылуу үчүн жер көчкүнүн кесепеттеринен жабыр тарткан жарандардын макулдашылган тизмесин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берсин.
4. Жапа чеккендерге турак үйлөрдү курууну каржылоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Социалдык коргоо жана калкты колдоо фондусу тарабынан ишке ашырылары көңүлгө алынсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана
Премьер-министр |
|