Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-июну № 279-б
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын материалдык-техникалык базасын бекемдөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык:
1. Кыргыз Республиңасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен алынган төмөнкү автотранспорт каражаттарын мамлекеттик пайдасына баш тартуунун бажы режиминде тариздесин:
1) кыймылдаткычынын № 25K4FA010006891, кузовунун № LSJW16N357J017117, 2007-жылы чыгарылган "Ровер 750 D" маркасындагы;
2) кыймылдаткычынын 25K4FA010006812, кузовунун № LSJW16N367J017434, 2007-жылы чыгарылган "Ровер 750 D" маркасындагы,
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы менен бирге белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1 -пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын мамлекеттик менчикке кабыл алсын;
- автотранспорт каражаттарын төмөнкүлөрдүн ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга - ушул буйруктун 1-пунктунун 1 -пунктчасында аталган;
Кыргыз Республикасынын Ош облустук сотуна - ушул буйруктун 1-пунктунун 2-пунктчасында аталган.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекция жана Кыргыз Республикасынын Ош облустук соту (макулдашуу боюнча) белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын ыкчам башкарууга кабыл алсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарынын наркын баалоону жүргүзсүн.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө автотранспорт каражаттарынын наркын эсепке алсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт, жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|