Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 6-декабрындагы № 781-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-июну № 282-б
Орто мөөнөттүү мезгилге Кыргыз Республикасынын бирдиктүү жана макулдашылган демографиялык болжолун даярдоо, Кыргыз Республикасынын Өкметүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңешти аналитикалык материалдар менен камсыздоо жана мамлекеттин социалдык саясатын түзүү боюнча башкаруучу чечимдерди кабыл алуу үчүн өз учурунда сунуштамаларды берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкметү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Демографиялык болжолдоо боюнча техникалык топ (мындан ары-техникалык топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Техникалык топ:
-2015-жылдын 15-декабрына чейинки мөөнөттө демографиялык саясатты түзүүнүн методологиялык принциптерин иштеп чыгышсын;
-Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жалпы макроэкономикалык болжолуна интеграциялоо үчүн калктын санын, түзүмүн жана жайгашуусун экономикалык талдоонун жана болжолдоонун заманбап каражаттарын, төрөлүүнүн, өлүмдүн жана жашоо узактыгынын тенденцияларына, тышкы жана ички миграцияга квалификациялуу талдоону киргизсин;
-Кыргыз Республикасында демографиялык болжолдорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, алардын жыйынтыктарын социалдык-экономикалык пландоодо жана болжолдоодо пайдалануу боюнча негизги көндүмдөрдү жана компетенцияларды түзүү үчүн эл аралык уюмдар менен ишти уюштурсун.
3. Техникалык топ зарыл болгондо Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун адистерин, коз карандысыз эксперттерди иш процессинде пайда болгон маселелерди чечүү үчүн ишке тартууга, керектүү маалыматты белгиленген тартипте сурап алууга укуктуу экендиги белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине техникалык топтун ишин методикалык, уюштуруучулук (зарылдыгына жараша, бирок жарым жылда бир жолудан кем эмес жолугушууларды вткөрүү) жана башка камсыздоо жүктөлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги демографиялык болжолдоо боюнча техникалык топтун түзүлүшүнө жана ишине байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 13-майындагы № 215 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча координациялык кеңеш жөнүндө жобого толуктоолорду киргизүүнү караган ченемдик укуктук актынын долбоорун даярдасын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.
6. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтунүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар белумүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча секторунун башчысы, топтун жетекчиси;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестициялар бөлүмүнүн интеграциялык процесстер жана макроэкономика боюнча секторунун эксперта;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн эксперта;
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн эксперта;
Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин макроэкономикалык саясат башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин качкындар менен иштөө боюнча башкармалыгынын начальниги;
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин жумуштуулукка көмөк көрсөтүү саясаты башкармалыгынын адиси;
Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин мамлекеттик жөлөкпулдар жана акчалай компенсациялар бөлүмүнүн башчысы;
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин бюджеттик саясат жана финансылык талдоо башкармалыгынын адиси;
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык медициналык-маалыматтык борборунун директору;
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин эмгек статистикасы жана жумуштуулук бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин демографиялык статистика бөлүмүнүн башчысы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун пенсиялык жана тарифтик саясат башкармалыгынын башкы адиси;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Экономикалык изилдөөлор борборунун эксперта (макулдашуу боюнча).