Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-июну № 286-б
Баткен облусундагы Баткен, Лейлек, Кадамжай райондорунун, Ош облусундагы Алай районунун, Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын, Туп районунун аймагында болгон катуу шамалдын кесепеттерин жоюу үчүн кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү жумуштарын жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Баткен, Ош, Ысык-Көл облустарынын аймагындагы катуу шамалдын кесепеттерин жоюу үчүн Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 2015-жылга республикалык бюджетте каралган, Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептин каражаттарынан 1235148 (бир миллион эки жүз отуз беш миң бир жүз кырк сегиз) сом бөлүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылышын камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|