Загрузка документа…
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 8-июлундагы № 374-т тескемесине ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 29-июну № 295-б
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 6-мартындагы № 80-б буйругуна төмөнкүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:
жогоруда аталган буйрук менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттер менен соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу боюнча өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын кыргыз бөлүгүнүн төрагаларынын тизмесинде:
- 9-пунктундагы «, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык» деген сөздөр алып салынсын;
- төмөнкү мазмундагы 33 жана 34-пункттар менен толукталсын.
33. | Экономикалык жана техникалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-индонсзия комиссиясы | - Кыргыз Республикасынын Финансы министри; |
34. | Кызматташуу боюнча биргелешкен кыргыз-сауд комитети | - Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри. |
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри |
| Т.Сариев |