Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТР
БУЙРУК
2015-жылдын 1-июлу № 281
Кызматтык милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн, Кыргыз Республикасынын Куткаруу кызматынын кызматкерлеринин күнүн майрамдоого байланыштуу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төмөндөгү кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын:
Омуралиев Кенжебек Боскоевичке | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун кафедра башчысына, капитан; |
Төлөмүшов Акылбек Жанышовичке | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Бишкек шаары боюнча куткаруу кызматынын үчүнчү издөө-куткаруу тобунун куткаруучу-нускоочусуна, прапорщик; |
Сатыкулов Шарабидин Токтобековичке | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Талас облусу. боюнча башкармалыгынын башкы адисине; |
Темиралиев Исламбек Темиралиевичке | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын Тоң районунун башкы адисине; |
Акунов Амангелди Маматазимовичке | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Кризистик кырдаалдарды башкаруу борборунун геомаалыматтык система бөлүмүнүн башчысына. |
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин төмөндөгү кызматкерлери Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин баалуу белеги (энчилүү кол сааты) менен сыйлансын:
Кельдибеков Тариел Каримбекович | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү Түштүк борборунун башчысы; |
| |
Ниязалиев Султанбек Шекербекович | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигинин атындагы Кыргыз курулуш, транспорт архитектура "Өрт кафедрасынын башчысынын орун басары; |
| |
Юсупов Азизбек Кулназарович | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынын кинология тобунун командири, прапорщик. |
| |
Премьер-министр |
| ||