КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 3-июлу № 304-б
Автотранспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине өткөрүп берүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жарандардын арызынын негизинде төмөнкү автотранспорт каражаттарын мамлекеттин пайдасынан баш тартуунун бажылык режиминде тариздесин:
-2000-жылы чыгарылган, кузовунун № UA4-1103967, "Honda-Inspire" маркасындагы автомашинаны;
-2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RD2-5103490, "Honda-CR-V" маркасындагы автомашинаны;
-2000-жылы чыгарылган, кузовунун № ST215-3047116, "Toyota-Caldina" маркасындагы автомашинаны;
-2000-жылы чыгарылган, кузовунун № WAUZZZ8DZ-1A029932, "Audi-A-4" маркасындагы автомашинаны;
-2000-жылы чыгарылган, кузовунун № U30-4089217, "Nissan-Pressaj" маркасындагы автомашинаны;
-2000-жылы чыгарылган, кузовунун № RA9-1051792, "Honda-Odissey" маркасындагы автомашинаны;
-2000-жылы чыгарылган, кузовунун № MCV21-5029440, "Toyota-Windom" маркасындагы автомашинаны.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражаттарын балансына кабыл алсын
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|