Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 6-июлу № 308-б
Кыргыз Республикасынын азык-түлук коопсуздугун камсыздоо, 2015-жылы аштык буудайдын данынын запасын түзүү, сактоо жана камсыздоо максатында, «Мамлекеттик материалдык резерв жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги республиканын облустары менен райондору боюнча аштык буудай данын сатып алууга квотаны иштеп чыксын жана бекитсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги бекиткен квотага ылайык наабайкана өндүрүшү үчүн клейковинасы 23 пайыздан кем болбогон, 3-класстын талаптарына жооп берген 2015-жылдын түшүмүнөн 20,0 (жыйырма) миң тонна аштык буудай данын республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн «Азык-түлүк программасы» фондунун каражаттарынын эсебинен сатып алсын;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары менен бирдикте аштык буудайдын данын даярдап, аны андан ары жооптуу сактоочу ишканалардын ташышы үчүн убактылуу пункттарды уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин маалыматынын негизинде бир жумалык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги аныктаган квота боюнча республиканын айылдык товар өндүрүүчүлөрүнөн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду сатып алуучу клейковинасы 23 пайыздан кем болбогон, 3-класстагы, 2015-жылдын түшүмүнүн аштык буудай данына сатык баасын белгилесин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратьшын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|