КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 6-июля № 309-б
Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 174-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы автотранспорт каражатын акысыз өткөрүп берүү жөнүндө БУУнун Кыргыз Республикасындагы Балдар фондунун өкүлчүлүгүнүн (ЮНИСЕФ) жана Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин ортосундагы Макулдашуунун негизинде 2006-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № INF0512632, кузовунун № JTECB01J201026863, ак түстөгү "Тойота Ленд Крузер" маркасындагы автомашинаны мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык режиминде тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлигинин ыкчам башкаруу суна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана наркын бааласын.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатынын наркын республикалык бюджеттин киреше бөлүгүндө эсепке алсын.
5. Ушул буйруктун аткарылышын Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|