Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 30-июну № 298-б
Токтогул суу сактагычында суу ресурстарын үнөмдөө, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыздоо жана 2015/2016-жылдын күз-кыш мезгилинен талаптагыдай өтүү максатында, Кыргаз Республикасынын Премьер-министринин 2015-жылдын 8-июнунда Тажикстан Республикасына болгон расмий визитинин жүрүшүндө жетишилген келишимдерди көнүлгө алуу менен, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрдиги "Электр станциялар" жана "Кыргызстандын улутгук электр тармагы" ачык акционердик коомдору менен бирге Тажикстан Республикасынан Кыргыз Республикасына 1 кВтс үчүн 2,5 АКШ цента баасында 500 млн кВтс чейинки көлөмдө электр энергиясын импорттоону камсыз кылсын.
2. "Электр станциялар" ачык акционердик коому Тажикстан Республикасынын "Барки Точик" ачык акционердик холдинг компаниясы менен ушул буйруктун 1-пунктунда аталган шарттарда электр энергиясын жеткирип берүү боюнча келишим түзсүн.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиги "Электр станциялар" ачык акционердик коому үчүн тарифте Тажикстан Республикасына Кыргаз Республикасына электр энергиясын импорттоого байланыштуу сарптоолорду карасын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр |
|