Сравнение редакций…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 7-июлу № 313-б
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5447-V "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 4841-V токтомун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткаруунун жүрүшү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу жана Кумтөр кенинин зонасында жайгашкан мөнгүлөрдүн айланасында түзулгөн кырдаалды кошумча изилдөө максатында:
1. Кумтөр кенинин зонасында жайгашкан мөңгүлөрдүн абалын изилдөө үчүн эксперттик илимий-техникалык топ (мындан ары -эксперттик топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Эксперттик топ 2015-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөр боюнча иштерди жүргүзсүн:
- Кумтөр кенинин зонасында жайгашкан мөңгүлөрдүн учурдагы абалын изилдөө;
- Кумтөр кенин иштетүү башталганга чейинки мезгилге салыштыруу боюнча мөнгүлөрдүн абалынын өзгөрүүсүнө алып келген себептерди аныктоо;
- Кумтөр кенинде мөнгү массаларын иштетүү, жылдыруу же жүктөн арылтуу менен байланышкан иштердип өндүрүшүнө уруксаттарды жана макулдук берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган документтерди инвентаризациялоо жана хронологиясын түзүү;
- Кумтөр кенин иштеп чыгуунун ар кандай варианттарында кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилге мөңгүлөрдүн андан аркы абалын болжолдоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн жыйынтыктоочу сунуштамаларды иштеп чыгуу.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы эксперттик топтун ишин уюштурууда көмөк көрсөтсүн.
4. Эксперттик топтун ишин уюштуруу-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктолсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Алимбеков Давлетбек Каарыевич | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, эксперттик топтун жетекчиси; |
Маматканов Дюшен Маматканович | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору; |
Жаныбеков Акылбек Кадырович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Дуйшеев Орозбек Дуйшеевич | - Кыргыз Республикасынын Тоо-кен өнөр жай ассоциациясынын төрагасы (макулдашуу боюнча); |
Аламанов Саламат Куленбекович | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын М.Адышев атындагы Геология институтунун география бөлүмүнүн башчысы; |
Усубалиев Рыскул Абдыжапарович | - Борбордук Азиялык Жерди изилдөө институтунун улук илимий кызматкери; |
Бажанова Лариса Васильевна | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун суу-энергетикалык ресурстар лабораториясынын башчысы; |
Гильфанов Ильдар Вазифович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин өнөр жай коопсуздугун жөнгө салуу башкармалыгынын начальниги; |
Ерохин Сергей Александрович | -''Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедиция" мамлекеттик ишканасынын инженердик-геологиялык партиясынын начальниги; |
Сатылганов Рысбек Абылаевич | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тянь-Шань бийик тоолуу илимий борборунун башчысы; |
Чебан Галина Дмитриевна | - "Кыргызалтын" ачык акционердик коомунун эмгек техникасынын коопсуздугун коргоо жана экология кызматынын башкы адиси (макулдашуу боюнча); |
Нурманбетов Жолдош Катаганович
| - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын суу ресурстарын жана объекттерин контролдоо жана көзөмөлдөө боюнча башкармалыгынын начальниги; |
Рыспеков Арсен Арзыевич | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин экспертиза жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнүн начальниги; |
Асанходжаев Рыскелди Галиевич | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Кыргызгидромет" гидрометеорология боюнча агенттигинин начальнигинин орун басары; |
Сахваева Екатерина Павловна | - Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаментинин маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн начальниги. |
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 7-июлу № 313-б
(КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-августундагы № 409-б буйруктунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 29-июнундагы № 5447-V "Кумтөр" долбоорунун ишине байланышкан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2015-жылдын 26-февралындагы № 4841-V токтомун Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аткаруунун жүрүшү жөнүндө" токтомун ишке ашыруу жана Кумтөр кенинин зонасында жайгашкан мөнгүлөрдүн айланасында түзулгөн кырдаалды кошумча изилдөө максатында:
1. Кумтөр кенинин зонасында жайгашкан мөңгүлөрдүн абалын изилдөө үчүн эксперттик илимий-техникалык топ (мындан ары -эксперттик топ) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Эксперттик топ 2015-жылдын 15-сентябрына чейинки мөөнөттө төмөнкүлөр боюнча иштерди жүргүзсүн:
- Кумтөр кенинин зонасында жайгашкан мөңгүлөрдүн учурдагы абалын изилдөө;
- Кумтөр кенин иштетүү башталганга чейинки мезгилге салыштыруу боюнча мөнгүлөрдүн абалынын өзгөрүүсүнө алып келген себептерди аныктоо;
- Кумтөр кенинде мөнгү массаларын иштетүү, жылдыруу же жүктөн арылтуу менен байланышкан иштердип өндүрүшүнө уруксаттарды жана макулдук берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана мамлекеттик органдар тарабынан кабыл алынган документтерди инвентаризациялоо жана хронологиясын түзүү;
- Кумтөр кенин иштеп чыгуунун ар кандай варианттарында кыска мөөнөттүү жана орто мөөнөттүү мезгилге мөңгүлөрдүн андан аркы абалын болжолдоо;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үчүн жыйынтыктоочу сунуштамаларды иштеп чыгуу.
3. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы эксперттик топтун ишин уюштурууда көмөк көрсөтсүн.
4. Эксперттик топтун ишин уюштуруу-техникалык жана башка камсыздоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигине жүктөлсүн.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктолсүн.
Премьер-министр |
|
Тиркеме
Итибаев Зарылбек Сагындыкович | - Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин директору, эксперттик топтун жетекчиси; |
Маматканов Дюшен Маматканович | - Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун директору; |
Жаныбеков Акылбек Кадырович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; |
Рустамов Абдыкалык Алибекович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Артыкбаев Расул Саткынович | - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик директорунун орун басары; |