Редакцияот 09.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 9-июлу № 319-б

 Жол техникасын жана жабдууларын натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1.  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы "Чайна Роуд энд Бридж Корпорейшн" компаниясынын өкүлчүлүгүнүн арызынын негизинде Чүй облусунун Кемин районундагы Жел-Арык айылында жайгашкан битумдук чуңкур үчүн жабдууларды (асфальт-бетон заводу үчүн битум эритүү системасы 2 даана, битум үчүн казан 1 даана, от казан 1 даана) "Мамлекеттин пайдасына баш тартуу" бажылык режиминде тариздесин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган битумдук чуңкур үчүн жабдууларды мамлекеттин менчигине өткөрүп алсын жана аны белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын жана ушул буйруктун 1-пунктунда аталган битумдук чуңкур үчүн жабдуулардын наркын бааласын.

4.  Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев