КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 9-июлу № 316-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 2-декабрындагы № 660 '"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн балдар адабияты жаатындагы сыйлыктары жөнүндө" токтомун көнүлгө алуу менен:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кыргыз тилиндеги балдар адабияты жаатындагы сыйлыгы 50000 (элүү мин) сомдон төмөнкү лауреаттарга ыйгарылсын:
- Байтемир Асаналиевге - "Балдар үчүн чыгарылган эң мыкты поэзия чыгармасы үчүн" номинациясында "Селкинчек" ыр китеби үчүн;
- Жапарали Осмонкуловго - "Балдар үчүн чыгарылган эц мыкты проза чыгармасы үчүн" номинациясында "Манас", "Манастын уулу Семетей", "Курманбек", "Эр Төштүк" проза жыйнактары үчүн;
- Турусбек Мадылбаевге - "Балдар үчүн адабий чыгармаларды кыргыз тилине эң мыкты которгондугу үчүн" номинациясында англис жазуучусу Марк Твендин "Том Сойердин жоруктары" жана "Геклберри Финндин жоруктары" деген китептерии которгондугу үчүн.
2. Сыйлоого байланышкан чыгымдарды каржылоо Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин 2015-жылдагы бюджетинин чегинде жүргүзүлсүн.
3. Ушул буйрук жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.
Премьер-министр |
|