РаспоряжениеКүчүндө

КР Өкмөтүнүн 2015-жылдын 9-июлундагы № 314-б («Адам ресурстарынын потенциалын өнүктүрүүнүн стипендиялык программасы» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу нотасы «Адам ресурстарынын потенциалын өнүктүрүүнүн стипендиялык программасы» долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашуу жөнүндө) буйругу

Редакция09.07.2015 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын9-июлу № 314-б

 1.  Расмий тилде тиркелген төмөнкү долбоорлор (расмий эмес котормо) жактырылсын:

- "Адам ресурстарынын потенциалын өнүктүрүүнүн стипендиялык программасы" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония Өкмөтүнүн ортосундагы Алмашуу нотасы;

- "Адам ресурстарынын потенциалын өнүктүрүүнүн стипендиялык программасы" долбоору боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин ортосундагы Гранттык макулдашуу.

2.  Кыргыз Республикасынын Финансы министрине жогоруда аталган Алмашуу ноталарынын жана Гранттык макулдашуунун долбоорлоруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан кол коюуга ыйгарым укук берилсин.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев