Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 15-майы, № 209-б
Кыргыз Республикасынын борбор шаарынын муниципалдык жолдорунун сапатын жакшыртуу жана Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетные финансылык колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
- муниципалдык жолдорду оңдоого жана реконструкциялоого Бишкек шаарынын жергиликтүү бюджетине 30 000 000 (отуз миллион) сом суммадагы каражат бөлүп берсин;
- "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамдын долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
2. Бишкек шаарынын мэриясына бөлүнгөн каражатты максаттуу багыты боюнча пайдалануу сунушталсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |