Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 20-июлу № 321
Аскердик кызматтын милдеттерин ак ниет аткаргандыгы үчүн жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын күнүн майрамдоонун урматына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын төмөнкү аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан ысымы жазылган саат менен сыйланышсын:
| - финансы башкармалыгынын начальниги, гвардиянын подполковниги; | |
Мырзабаев Таалайбек Кагазбекович | - тарбиялык иштер башкармалыгынын начальнигинин кызматын убактылуу аткаруучу, гвардиянын полковниги. |
2. Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын төмөнкү аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин атынан алкыш жарыялансын:
Бейшембиев Канатбек Кыдыковичке | - ички аудит бөлүмүнүн начальниги, гвардиянын полковниги; |
Мамытов Алтынбек Абдырахмановичке | - байланыш башкармалыгынын начальниги, гвардиянын полковниги; |
Сатаров Санжарбек Алымовичке | - 703-аскер бөлүгүнүн ракеталык-артиллериялык куралдар кампасынын начальниги, гвардиянын прапорщиги. |
Премьер-министр | Т.А. Сариев |