Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 15-июлу, №336-б
1. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министри А.Ж.Азыранкуловдун чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын социалдык-укуктук абалы жөнүндө маалыматы эске алынсын.
2. Чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын социалдык-укуктук абалын жакшыртуу боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин иши жетишсиз деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги:
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен бирге чет өлкөдөгү эмгек мигранттарынын социалдык-укуктук абалын жакшыртууга көмөктөшүү боюнча иш-аракеттер планын иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына беришсин;
- Евразия экономикалык союзуна мучө-мамлекеттерде жүрүү жана иштөө шарттары жөнүндө калк арасында маалыматтык-түшүндүрүү иштерин дайыма жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясынын долбоорун иштеп чыксын;
- тиешелүү анализди Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына 2015-жылдын 10-августуна чейин берүү менен миграция жана иш менен камсыздоо маселелери боюнча эл аралык жана ведомстволор аралык макулдашууларды, келишимдерди жана меморандумдарды ишке ашыруу мониторингин жүргүзсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |