Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 13 июлу, № 329-б
Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш поселогунун калкына акысыз гуманитардык жардам көрсөтүү максатында, "Мамлекеттик материалдык резервдер жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө Жумгал районунун Мин-Куш поселогунун тургундары үчүн 150 тонна жогорку сорттогу унду өткөрүп берсин;
- он эки айдын ичинде фонддун бюджеттик каражаттарынын эсебинен жогорку сорттогу 150 тонна унду мамлекеттик материалдык резервге койсун.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Нарын облусунун Жумгал районунун Миң-Куш поселогуна унду жеткирүүнү уюштурсун.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты Миң-Куш поселогунун тургундарына унду акысыз негизде даректүү бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр-жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |