Редакцияот 20.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

 

2015-жылдын 20-июлу, № 339-б

 

”Автомобиль жолдору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык:

1. Нарын облусунун Кочкор районунун Семиз-Бел айыл аймагында жайгашкан автомобиль жолдорунун төмөнкү участоктору муниципалдык жолдор категориясынан жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору категориясына которулсун:

Көк-Чолок - Чекилдек жолунун узундугу 1,5 км участогу;

Кара-Тоо айылынын Ленин көчөсүнүн узундугу 500 м участогун.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги:

- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомобиль жолдорунун участокторун баланска кабыл алсын;

- баланска алынган автомобиль жолдорунун участокторун 2016-жылга жана кийинки жылдарга республикалык бюджетте Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине каралган каражаттардын эсебинен жана анын чегинде капиталдык оңдоону жана күтүүнү камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев