Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 16-июлу, 338-б
Иштеген элдин ден соолугунун начарлашынын алдын алуу, эмгектин нормалдуу шарттарын камсыздоо максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Министрликтерде, мамлекеттик комитетте, администрациялык, ведомстволордо, жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда жана башка мамлекеттик органдарда 2015-жылдын 16-июлунда иш күндүн узактыгы 2 саатка кыскартылаары белгиленсин.
2. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана уюштуруу формасына жана менчигинин түрүнө карабастан чарбакер субъекттерге 2015-жылдын 16-июлунда иш күндүн (кезметтин) узактыгын 2 саатка кыскартуу сунушталсын.
3. Иш күндүн (кезметтин) узактыгын кыскартууда Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 96-берекесинин З-бөлүгү жетекчиликке алынсын, ага ылайык үзгүлтүксүз иштөөчү уюмдарда жана иштин (кезметтин) узактыгын азайтууга мүмкүн болбогон өндүрүш (жумуш) шарттарындагы иштердин айрым түрлөрүндө ашыкча иштөө кошумча эс алуу убактысын же кызматкердин макулдугу менен иштин ашыкча убагы үчүн белгиленген ченем боюнча акы төлөө менен компенсацияланат.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |