Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 14-июлу, № 331-б
Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Төр айыл аймагынын Тогуз-Булак айылындагы жер титирөөнүн натыйжасында бузулган, айылды суу менен камсыз кылуучу системасынын инженердик коммуникацияларын калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Төр айыл аймагынын Тогуз-Булак айылындагы жер титирөөнүн натыйжасында бузулган, ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасынын инженердик коммуникацияларын калыбына келтирүү үчүн Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча атайын эсептен 10 991 249 (он миллион тогуз жүз токсон бир миң эки жүз кырк тогуз) сомду Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Төр айыл аймагына бөлсүн.
2. Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Көл-Төр айыл аймагы бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин сметасына ылайык Тогуз-Булак айылынын суу менен камсыз кылуу системасынын инженердик коммуникацияларын калыбына келтирүү боюнча кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин аткарууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |