Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 11-июну № 252-б
Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айылынын, Москва районундагы Кепер-Арык, Мураке, Ак-Торпок жана Чон-Арык айылдарынын калкын ичүүчү суу менен камсыздоо жана суу алгыч курулма куруу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин Суу чарба жана мелиорация департаменти белгиленген тартипте:
- Чуй облусунун Жайыл районундагы «Миң-Токум» өрөөнүнүн №137 контурунда жайгашкан 7249,75 кв.м. аянттагы жер участогун өз алдынча бирдикке бөлсүн;
- Чуй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтүнө 49 жыл мөөнөткө ушул пункттун экинчи абзацында аталган жер участогун ичүүчү суу менен камсыздоонун суу алгыч курулмасын куруу үчүн мөөнөттүү (убактылуу) пайдаланууга берсин;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Чүй облусунун Жайыл районундагы Кызыл-Дыйкан айыл өкмөтү менен ушул пункттун экинчи абзацында аталган жер участогун ижарага берүү жана убактылуу пайдалануу келишимин түзсүн.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунун экинчи абзацында аталган жер участогуна укукту андан ары каттоо менен укук ырастоочу документ берсин.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |