Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 18-майы, № 211-б
Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги менен Түркия Республикасынын Жаштар жана спорт министрлигинин ортосундагы Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү укугу менен макулдук берилсин.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
3. Ушул Меморандумдун максаттарына жетүү үчүн Тараптар төмөнкүдөй багыттар боюнча кызматташууга ниет кылат:
- жаштар чөйрөсүндөгү, маалыматтарды, документтерди жана публикацияларды өз ара алмашуу маселелери боюнча иштерди жүзөгө ашырган мамлекеттик мекемелерге жана жарандык коомдун уюмдарына көмөктөшүүгө;
- мамлекеттик мекемелер жана жарандык коомдун уюмдары тарабынан ишке ашырылуучу биргелешкен программалардын жана долбоорлордун алкагында жаштар чөйрөсүндө иштеген жаштар уюмдарынын жана адистердин өз ара тажрыйба алмашуусуна дем берүүгө;
- жаштар саясатын жүзөгө ашыруу жана жаштардын демилгелерин колдоого алуу чөйрөсүндө өз ара аракеттенүүгө жана тажрыйба алмашууга;
- Кыргыз Республикасында жашаган түрк жана кыргыз жаштарынын ортосунда социалдык тарамды өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө;
- эки өлкөдө өткөрүлүүчү жайкы лагерге жаштардын катышуусуна көмөктөшүүгө;
- жаштар борборлорунда кыргыз жана түрк тилдерин пайдаланууну, түрк элдеринин жалпы тарыхын жана маданиятын окуп-үйрөнүүнү кеңейтүүгө;
- жаштар менен иштөө, билим берүү жана маданият жаатында китептерди, окуу-методикалык куралдарды, компьютердик программаларды, фильмдерди, дидактикалык аудио- жана видеоматериалдарды жана башка типтеги маалыматтарды алмашууга көмөктөшүүгө;
- жаштар жумалыгы илимий жана маданий иш-чараларына жана аземдерге эки жактын катышууларына көмөктөшүүгө;
- биргелешкен семинарларды, жаштардын маданий акцияларын, маданий диалогду өнүктүрүүтө, тарыхый байланыштарды чындоого, сергек жашоо мүнөзү идеяларын сүрөөнгө алууга багытталган иш-чараларды жана тажрыйба алмашуу, жаштар менен иштөөнүн алдыңкы методикаларын алдыга илгерилетүү боюнча башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө көмөктөшүүгө;
- жаштардын Кыргыз Республикасынын жана Түркия Республикасынын элдеринин маданиятына, тарыхына, маданий салт-санаасына болгон кызыгууларын тарбиялоого жана колдоого алууга.
4. Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлиги жана Туркия Республикасынын Жаштар жана спорт министрлиги ушул Меморандумду жузвге ашыруу богонча жооптуу орган болуп саналат.