КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-июлу, № 343-б
Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун материалдык -техникалык базасын чыңдоо максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексинин 174-беренесине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Эл аралык Кызыл Крест комитетинин арызынын негизинде төмөнкү транспорт каражаттарын "мамлекеттин пайдасына баш тартуу" бажы режиминде тариздөөнү жүргүзсүн:
- 2001-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 1HZ0356198, көлөмү V=4100 см3, кузовунун № JTERB71J200007755, ак түстөгү "Тойота Ленд Крузер" маркасындагы автомашинаны;
- 2002-жылы чыгарылган, кыймылдаткычынын № 0389624, көлөмү V=4000 см3, кузовунун № JTERB71J600013137, ак түстөгү "Тойота-Ленд Крузер" маркасындагы автомашинаны.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомашиналарды мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы белгиленген тартипте:
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомашиналарды ыкчам башкарууга кабыл алсын;
- ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автомашиналардын наркын баалоону жүргүзсүн.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын- коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмунө жүктөлсүн.
Премьер-министр
| Т.А.Сариев |