КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 23-июлу, № 346-б
Көмүр казуунун туруктуу өсүшүн жана Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу "Кыргызкөмүр" мамлекеттик ишканасына бөлүнгөн бюджеттик ссуданын каражатын натыйжалуу пайдалануу максатында:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 12-ноябрындагы № 500-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 1-пунктунун экинчи абзацы "көмүр казып алууга" деген сөздөрдөн мурда "тараза жабдууларын жана" деген сөздөр менен толукталсын;
- 2-пунктунун экинчи абзацы "ылайык" деген сөздөн кийин "тараза жабдууларын жана" деген сөздөр менен толукталсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |