КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 22 июлу, №344-б
Кечиктирилгис авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча Атайын эсептен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бөлсүн:
- Ош облусунун Кара-Суу районундагы Ак-Терек айылында Ак-Буура суусундагы авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн 6 000 000 (алты миллион) сом;
- Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө суусуна селден коргоочу дамбаны куруу үчүн 6 000 000 (алты миллион) сом;
- Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Кулжа айыл аймагынын Кара-Кулжа айылындагы Кара-Кулжа суусуна селден коргоочу дамба куруу үчүн 11 500 000 (он бир миллион беш жүз миң) сом;
- Баткен облусунун Баткен районундагы "Зарташ" участогунда Сох суусуна коргоочу дамбаны куруу үчүн 6 500 000 (алты миллион беш жүз миң) сом;
- Талас облусунун Кара-Буура районундагы Аманбаев айылында нөшөр сууларын өткөрүүчү селден коргоочу каналды куруу үчүн 1 500 000 (бир миллион беш жүз миң) сом.
2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.
3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктолсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |