КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 24-июлу, № 349-б
“Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Корея Республикасынын Улуттук пенсиялык кызматынын билдирүүсүнүн негизинде 120 комплект компьютердик техниканы мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажы режиминде тариздесин жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Социалдык фомдунун балансына откөрүп берсин.
2. Кыргыз Республикасынын Социалдык фонду ушул буйруктун 1-пунктунда аталган компьютердик техниканы балансына кабыл алсын.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |