Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 22-июлу, № 345-б
Республиканын керектөөчүлөрүн 2015/2016-жылдын күзгү-кышкы мезгилинде жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдууга даярдык көрүүдө жана камсыздоодо "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелеринё ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги:
1) "Электр станциялар" ачык акционердик коомунун мамлекеттик карыз каражаттары боюнча ушул буйрукка кол коюлган датага карата мөөнөтү өткөн карыздарды мурда эсептелген, бирок ушул буйрукка кол коюлган датага карата тындырылбаган негизги суммаларды, пайыздарды жана айыптарды капиталдаштыруу жолу менен өз ара эсептешүүлөрдү салыштыруу актысынын негизинде реструктуралаштырсын.
Капиталдаштырылган сумманы карыздык милдеттенмелер түрүндө төмөнкү шарттарда тариздесин:
карызды тындыруу мвөөнөтү - 2020-жылдын 15-январынан баштап 2021-жылдын 15-декабрына чейин пайыздарды эсептебестен ай сайын бирдей төлөм менен;
төлөмдөрдүн мөөнөтү өткөн учурда мөөнөтү өткөн төлөмдүн суммасынын жылдык 6 пайызы өлчөмүндөгү айыптык санкцияларды белгилесин;
2) "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна отун сатып алууга жана электр энергиясын импорттоого акы төлөөгө 600,0 млн. сом өлчөмүндө бюджеттик ссуда берсин жана белгиленген тартипте төмөнкү шарттарда карыздык милдеттенме түзсүн:
бюджеттик ссуданы тындыруу мөөнөтү - 2020-жылдын 15-январынан баштап 2022-жылдын 15-декабрына чейин ай сайын бирдей төлөм менен;
ссуда пайызсыз, күрөөлүк камсыздоону тариздөөсүз;
айыптык санкциялар - мөөнөтү өткөн карыздын суммасынын жылдык 6,0 пайызы.
2. "Электр станциялар" ачык акционердик коомуна бюджеттик ссуданы максаттуу багыты боюнча пайдалануу, ошондой эле мамлекеттик карыз каражаттарды карыздык милдеттенмелерге ылайык кайтарууну камсыздоо сунушталсын.
3. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлиги "Электр станциялар" ачык акционердик коому тарабынан ушул буйруктун 1-пунктунда көрсөтүлгөн бюджеттик ссудалардын максаттуу пайдаланылышын жана өз учурунда кайтарып берилишин камсыздасын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетика комплекси жана жер казынасын пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |