КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 27-июлу, № 351-б
"Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги менен БУУнун Кыргыз Республикасындагы Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун өкүлчүлүгүнүн ортосундагы Автотранспорт каражаттарын бекер өткөрүп берүү жөнүндө макулдашуунун негизинде, 2008-жылы чыгарылган, кузовунун № MMCJNKB409DZ06232, кыймылдаткычынын № 4D56UCBN5233, кара түстөгү "Митсубиси L200" маркасындагы автомашинаны мамлекеттин пайдасына баш тартуунун бажылык режиминде тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин ыкчам башкаруусуна өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба жана мелиорация министрлиги белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын ыкчам башкарууга кабыл алсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |