Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 27-июлу, № 350-б
Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан өлкөлөрдүн Юстиция министрлеринин кеңешинин онунчу жыйынына өз учурунда даярдык көрүүнү жана ийгиликтүү өткөрүүнү, ошондой эле расмий делегацияларды кабыл алууну камсыз кылуу максатында:
1. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышкан өлкөлөрдүн Юстиция министрлеринин кеңешинин кезектеги онунчу жыйынын 2015-жылдын 22-25-сентябрында Бишкек шаарында өткөрсүн (мындан ары -Министрлер кеңеши).
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Министрлер кеңешин даярдоого жана өткөрүүгө байланышкан чыгымдардын өз убагында каржыланышын камсыздасын.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы Министрлер кеңешинин делегацияларын транспорттук камсыз кылуу менен байланышкан маселелерди чечсин.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Министрлер кеңешинин делегацияларын Жол-кайгуул кызматынын кайгуул транспорту менен коштоп жүрүүнү камсыз кылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Министрлер кеңешинин делегацияларын тез жардам машиналары менен коштоп жүрүүнү камсыз кылсын.
6. "Манас" эл аралык аэропорту" ачык акционердик коомуна Министрлер кеңешинин делегацияларын акы албастан расмий делегациялар залында тейлөө сунушталсын.
7. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тиешелүү бөлүмдөрүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |