Редакцияот 27.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 27-июлу, № 356-б

Чуй облусунун Сокулук районундагы Сокулук суусунун урөнчүлүк заводу жайгашкан участкасына автожол көпүрөсүн куруу жана Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кум-Арык суусуна коргоочу дамба куруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

1. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги төмөнкү кечиктирилгис курулуш иштерин каржылоого Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча Атайын эсептен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 13 396 800 (он үч миллион үч жүз токсон алты миң сегиз жүз) сом бөлсүн:

- 10 632 200 (он миллион алты жүз отуз эки миң эки жүз) сом - Чуй облусунун Сокулук районундагы Сокулук суусунун урөнчүлүк заводу жайгашкан участкасына автожол көпүрөсүн куруу үчүн;

- 2 764 600 (эки миллион жети жүз алтымыш төрт миң алты жүз) сом Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Кум-Арык суусуна коргоочу дамба куруу үчүн.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда айтылып бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын.

3. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев