Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ
БУЙРУК
2015-жылдын 31-июлу, № 365-р
Автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине өткөрүү максатында, Кыргыз Республикасынын Бажы кодексине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы Кыргыз Республикасындагы Япония эл аралык кызматташтык агенттигинин (JIСА) арызынын негизинде 2003-жылы чыгарылган, кузовунун № JTGHJ09J037004060, кыймылдаткычынын № 1FZ0580942 "Тойота Ленд Крузер" маркасындагы, автомашинаны "мамлекеттин пайдасына баш тартуу" бажылык режиминде тариздесин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонд белгиленген тартипте ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын мамлекеттин менчигине кабыл алсын жана аны Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине ыкчам башкарууга өткөрүп берсин.
3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги ушул буйруктун 1-пунктунда аталган автотранспорт каражатын белгиленген тартипте ыкчам башкарууга кабыл алсын.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |