Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 31-июлу, № 354
Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Э.З.Гареев атындагы Ботаникалык багына таандык механикалык короону жер участогу менен "Бишкеккурулуш" өндүрүштүк-курулуш фирмасы" ачык акционердик коомуна өткөрүп берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселени иликтөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 18-беренесине ылайык:
1. Ведомстволор аралык жумушчу топ тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө маселени иликтесин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына сунуш киргизсин.
3. Ведомстволор аралык жумушчу топко Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдары жумушчу топко жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон маалыматты жана документтерди берсин.
4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Тиркеме
Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамы
Муратов А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы, жумушчу топтун жетекчиси. |
Жумушчу топтун мүчөлөрү:: | ||
Бекбоев А.З. | - | Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары; |
Кожошев А.О. | - | Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары; |
Иманалиев Д.Ш. | - | Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары; |
Таштанов Н.А. | - | Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын милдетин аткаруучу; |
Абдиев Б.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинин статс-катчысы; |
Кубатбеков Ч.К. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары; |
Ибраев А.С. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын ички контролдоо башкармалыгынын начальниги; |
Абдыбеков А.М. | - | Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун төрагасынын орун басары; |
Дюшембиев Б.О. | - | Бишкек шаарынын вице-мэри (макулдашуу боюнча); |
Акматалиев А.А. | - | Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти; |
Анапияев О.З. | - | "Бишкеккурулуш" өндүрүштүк-курулуш фирмасы" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары (макулдашуу боюнча). |