Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын
2023-жылдын 8-сентябрындагы № 466 тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ
БУЙРУК
2015-жылдын 30-июлу, № 353
Банктык жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин зайымчыларынын проблемаларын чечүү максатында:
1. Ведомстволор аралык комиссия (мындан ары - Комиссия) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
2. Комиссия бир айлык мөөнөттө:
- коммерциялык банктардын жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин зайымчылары, күрөө берүүчүлөрү менен түзүлгөн кырдаалды талдасын;
- коммерциялык банктар, банктык эмес финансы-кредиттик мекемелер менен алардын зайымчыларынын ортосундагы талаш маселени жөнгө салуу боюнча сунушту иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
3. Ведомстволор аралык комиссиянын ишин уюштуруучулук методологиялык жана башка камсыз кылуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына (макулдашуу боюнча) жүктөлсүн.
4. Комиссияга зарыл учурда министрликтердин, административдик ведомстволордун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн аппараттарынын адистерин белгиленген тартипте ишке тартууга укук берилсин.
5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр | Т.А. Сариев |
Банктык жана банктык эмес финансы-кредиттик мекемелердин
зайымчыларынын проблемаларын чечүү боюнча ведомстволор
аралык комиссиянын курамы
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасы (макулдашуу боюнча);
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнүн башчысы, ведомстволор аралык комиссиянын төрагасынын орун басары;
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын инспектирлөө башкармалыгынын начальниги, ведомстволор аралык комиссиянын катчысы (макулдашуу боюнча).
Ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү:
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Экономика министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык өнүгүү министринин орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун төрагасынын орун басары;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо кеңешинин катчылыгынын өкүлү (макулдашуу боюнча);
- "Кыргызстандын банктар союзу" юридикалык жактар бирикмесинин президенти (макулдашуу боюнча).