Редакцияот 30.07.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ

БУЙРУК

2015-жылдын 30-июлу, № 361-б

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында жайгашкан ат майданын натыйжалуу пайдалануу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-апрелиндеги № 142-б буйругуна төмөнкүдөй толуктоо жана өзгөртүүлөр киргизилсин:

-1-пункт "аянты 44.76 га ат майданын" деген сөдөрдөн жана цифралардан кийин "жана жер аянты 67 га көмөкчү чарбасын" деген сөздөр жана цифралар менен толукталсын;

- 2-пунктта:

экинчи абзацтагы "көрсөтүлгөн ат майданды" деген сөздөр "көрсөтүлгөн ат майданды жана көмөкчү чарбасын" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

учунчу абзацтагы "аталган объектти" деген сөздөр "аталган объекттерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 3-пунктта "аталган объектти" деген сөздөр "аталган объекттерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4 жана 5-пункттардагы "аталган объектке", "аталган объектти" деген сөздөр тиешелүү түрдө "аталган объекттерге", "аталган объекттерди" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

 

Премьер-министр

Т.А. Сариев